Биздин студент эл аралык конференцияда өзгөчөлөндү
04:58
30-04-2026
41
2026-жылдын 23–25-апрель күндөрү Казакстандын Кызылорда шаарында «Жаш адистер саламаттыкты сактоо системасында: медициналык коллеждердин эл аралык диалогу» аттуу масштабдуу эл аралык конференция болуп өттү.
Бул маанилүү иш-чарада ОшМУнун Медициналык колледжинин «Фармацевтикалык дисциплиналар» ПЦКсынын атынан окутуучу Гүлмира Жакыпова жана Фармация адистигинин 2-курсунун студенти Эльмара Сайфидинова катышып келишти.
Иш-чаранын негизги жетишкендиктери:
Илимий ийгилик: Фармация адистигинин 2-курсунун студенти Эльмара Сайфидинова конференцияда бүгүнкү күндүн актуалдуу темаларынын бири боюнча баяндама жасап, өзүнүн терең билимин көрсөтө алды.
Мазмундуу жана илимий негизделген баяндамасы үчүн Сайфидинова атайын Алкыш баракчасы менен сыйланды.Конференциянын алкагында студенттер санариптик медицина, жасалма интеллект жана лидерлик боюнча мастер-класстарга катышып, симуляциялык станцияларда практикалык көндүмдөрүн өстүрүштү.
Мындай эл аралык диалогдор биздин студенттердин кесиптик деңгээлин көтөрүүгө жана башка өлкөлөрдөгү курдаштары менен тажрыйба алмашууга чоң шарт түзөт.
«Фармацевтикалык дисциплиналар» ПЦКсынын жамааты Эльмараны жана анын жетекчиси Гүлмира Жакыпованы бул ийгилиги менен куттуктайт! Сиздердин жетишкендигиңиздер — биздин ПЦКнын эл аралык байланыштарын бекемдөөдөгү дагы бир маанилүү кадамы болду.