«Колледж – Иш берүүчү: өнөктөштүк көпүрөсү» — келечекке карай ишенимдүү кадам.
07:49
30-04-2026
73
2026-жылдын 28-апрелинде ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары колледжинде (ЭАББП) «Колледж – Иш берүүчү: өнөктөштүк көпүрөсү» аттуу масштабдуу иш-чара болуп өттү. Программа эртең мененки саат 9:00дө «Эмгек жарманкеси» менен башталды. Жарманкенин ачылышына Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чарага "Бар бол", "CICA", "Edu Point", "SHO", "Megacom", "Beeline" сыяктуу белгилүү компаниялардын жана шаардык мектептердин өкүлдөрү келип, бош орундардын тизмесин сунушташты. Жарманкеге колледждин студенттеринен тышкары, Чыгыш таануу факультетинин бүтүрүүчүлөрү жана мектеп окуучулары да катышты.
Иш-чаранын экинчи бөлүгү — «Тегерек стол» форматында уланды. Аны колледждин практика башчысы Жылдыз Ахунжанова модераторлук кылды. Жолугушууну колледждин жетекчиси Рамашов Кумарбек Акматалиевич ачып, иш-чаранын максаттарына токтолду. Коноктордун арасында мектеп директорлору, усулчулар Шахрезада Аманбаева, Анна Гаас жана ОшМПУнун окутуучусу Жамиля Усубалиева болду. Студенттер сабак өтүүнүн инновациялык ыкмаларын көрсөтүп, иш берүүчүлөр менен биргеликте презентацияларды жасашты. Жыйынтыгында катышуучулар Google-форма аркылуу сурамжылоого катышып, иш-чаранын жемиштүү болгонун белгилешти.