Патофизиологиялык мини-лабораториядагы интерактивдүү сабак!
Патофизиологиялык мини-лабораторияда Дарылоо ишинин 2-курсунун 7-тайпасынын студенттери менен “Иммунопатология. Иммунодефициттик абалдар” темасында интерактивдүү сабак өткөрүлдү.
Сабактын жүрүшүндө төмөнкү негизги маселелер каралды:
Иммундук системанын негизги компоненттери жана функциялары
Иммунопатологиянын жалпы түшүнүгү
Иммунодефициттик абалдардын классификациясы (биринчи жана экинчи даражадагы)
Иммунитеттин бузулушунун патогенетикалык механизмдери
Клиникалык мисалдар аркылуу иммундук жетишсиздиктин көрүнүштөрү
Сабак мини-лаборатория форматында өтүп, студенттер теориялык билимдерин практикалык талдоо менен айкалыштырып, клиникалык кырдаалдарды чечмелөөгө активдүү катышышты.
Бул формат студенттердин иммунопатология боюнча түшүнүгүн тереңдетип, клиникалык ой жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.
Иммунология – бул организмдин коргонуу системасын түшүнүүнүн негизи.