Новости

2026-жылдын 24-апрелинде Казакстан Республикасынын Алматы шаарында өткөн «Яссави таалиматы жана XXI кылымдын баалуулуктары

Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык педагогикалык колледжинин окутуучулары 2026-жылдын 24-апрелинде Казакстан Республикасынын Алматы шаарында өткөн «Яссави таалиматы жана XXI кылымдын баалуулуктары менен компетенттүүлүктөрү» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып келишти. Аталган иш-чара Абай атындагы казак улуттук педагогикалык университети жана Алматы шаарынын билим берүү башкармалыгына караштуу М. Ауэзов районунда жайгашкан К.А. Яссави атындагы №123 мектеп-гимназиясынын базасында өткөрүлдү. Конференцияга ОшМУнун ректорунун буйругунун негизинде төмөнкү окутуучулар катышты: Мамырова Айнура Юсуповна Кожоева Каныкей Маматовна Нурмаилова Жазгул Токтогуловна Бекиева Света Эркинбековна Мирзакаримова Камила Абдыкаюмовна Иш-чаранын алкагында XXI кылымдын баалуулуктары, компетенттүүлүккө негизделген билим берүү, ошондой эле Яссави таалиматынын тарбиялык жана руханий мааниси боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Катышуучулардын ичинен Кожоева Каныкей Маматовна “Кыргыз эл жомокторунун башталгыч класстын окуучуларынын логикалык ой жүгүртүүсүнө тийгизген таасири” деген темадагы илимий макаласын презентациялап, эл аралык деңгээлде тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышты.
51 09:00 30-04-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|