Өспүрүм куракка арналган таасирдүү иш-чара өткөрүлдү.
09:02
30-04-2026
50
Өспүрүм куракка арналган таасирдүү иш-чара өткөрүлдү.
Окуу жайыбызда өспүрүм курактын өзгөчөлүктөрүнө арналган “Кызыл сызык” аталышындагы тарбиялык-агартуу иш-чарасы жогорку деңгээлде уюштурулуп, ийгиликтүү өттү. Иш-чараны педагог-психолог Алибекова Кызжибек өткөрүп, студенттер үчүн актуалдуу жана маанилүү темаларды камтыды.
Иш-чаранын негизги максаты - өспүрүм куракта кездешүүчү психологиялык, социалдык өзгөрүүлөрдү түшүндүрүү, туура багыт берүү жана жаштардын өзүн-өзү таанып-билүүсүнө көмөк көрсөтүү болду. Программа интерактивдүү форматта уюштурулуп, студенттердин активдүү катышуусу камсыздалды.
Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай - студенттер тарабынан иш-чаранын жүрүшү боюнча чыгармачыл видео ролик даярдалып, анда алардын ой-пикирлери, таасирлери жана сабактан алган жыйынтыктары чагылдырылды. Мындан сырткары, катышуучулар өз ойлорун заманбап ыкма аркылуу, тактап айтканда, QR-код аркылуу Padlet платформасына жиберишип, өз ара пикир алмашууга мүмкүнчүлүк алышты.
Бул ыкма студенттердин санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү менен бирге, алардын эркин ой жүгүртүүсүнө жана өз позициясын билдирүүсүнө шарт түздү.
Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, катышуучуларга терең таасир калтырды. Мындай форматтагы иш-чаралар жаштардын аң-сезимин өстүрүүдө, туура чечим кабыл алуусунда жана коомдо өз ордун табуусунда маанилүү роль ойнойт.Иш чаранын соңунда доцент Умурбекова Токтайым Акаевна өспүрүм курактагы жүрүм-турум боюнча сурамжылоо жүргүздү