Ош мамлекеттик университети зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча отчет берди
09:55
30-04-2026
57
2026-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы М. А. Маматалиевдин жетекчилиги астында Кыргыз Республикасындагы кризистик борборлордун өкүлдөрү менен болгон жыйналыштын №12 протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Б. И. Борубашовдун сунушунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан зордук-зомбулукту илимий жактан изилдөө боюнча 2026-жылдын 29-апрелинде илимий институт түзүү жана уюштуруу маселеси каралып, онлайн жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Ош мамлекеттик университети зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча отчет берди. Онлайн жолугушуу жемиштүү өтүп, келечекке багытталган иш-аракеттер талкууланды.
Катышуучулар:
1. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Борубашов Бекбоосун Игембекович.
2. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин жетектөөчү адиси Карыбекова Айжан Джумабековна.
3. Ош мамлекеттик университетинен:
– Кылмыш-жаза укугу жана процесси кафедрасынын профессору, ю.и.д. Акматова Аманай Турсунбаевна;
– Психология кафедрасынын профессору, психология илимдеринин доктору Жолдошева Акчач Олмасовна;
– Кылмыш-жаза укугу жана процесси кафедрасынын доценти, ю.и.к. Эрдолатов Чыныбек Сайпидинович;
– Кылмыш-жаза укугу жана процесси кафедрасынын улук окутуучусу Орозбаева Бактыкан Атантаевна.
4. К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинен Психологиялык-педагогикалык жана гуманитардык илимдер кафедрасынын башчысы, пед.и.к., доцент Исакова Чинара Бакировна.
5. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын доценти Баялиева Айсулуу Суютбековна.