Жанылыктар

Практикадагы жигердүү эмгеги үчүн ыраазычылык кат тапшырылды

Араб тили окутуучусу Бекназаров Сабырбек Мамасалиевичке практика учурунда мектептер менен тыгыз кызматташып, студенттердин практикалык даярдыгын жогорулатууга кошкон салымы үчүн мектеп директорлорунун атынан ыраазычылык кат тапшырылды. Ыраазычылык катта окутуучунун студенттердин кесиптик билим алуусуна өзгөчө көңүл буруп, алардын практикалык көндүмдөрүн калыптандырууда жана билим берүү мекемелери менен натыйжалуу кызматташтыкты түзүүдөгү эмгеги жогору бааланганы белгиленген. Мындай сыйлыктар окутуучулардын жоопкерчиликтүү эмгегинин жана билим берүү тармагындагы үзүрлүү ишмердүүлүгүнүн далили болуп саналат. Бул жетишкендик колледж жамааты үчүн чоң сыймык болуп, келечектеги ийгиликтерге дем берет.
30 02:23 01-05-2026

                 

Жанылыктар

|< >|