«Кесиптен карьерага»: ЭАББП колледжинде шыктандыруучу семинар өттү.
03:50
01-05-2026
26
2026-жылдын 28-апрелинде Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалары колледжинин бүтүрүүчү курстары жана бүтүрүүчүлөрү үчүн «Кесиптен карьерага: эл аралык мүмкүнчүлүктөр жана ишкерлик тажрыйба» аттуу семинар уюштурулду.
Семинарда Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун кызматкери Мурзабеков Исакбай Камалович сөз сүйлөп, борбордун милдеттери, аткарган кызматтары жана жарандарды чет өлкөлөрдө мыйзамдуу ишке орноштуруу боюнча кеңири маалымат берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө жеке ишкер, “Lenin Peak Yurt” конок үйүнүн негиздөөчүсү Бегматаева Гүлбурак өзүнүн ишмердүүлүгү жана жетишкен ийгиликтери тууралуу баяндама жасап, бүтүрүүчүлөрдү билимге жана эмгекке болгон кызыгуусун арттырууга дем берди.
Иш-чаранын соңунда бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү спикерлерге ыраазычылык билдиришти.