Алимова Н.А. жана Абжамилова Ж.А. КРнын саламаттыкты сактоо министрлиги уюштурган иш-чарага катышты
17:17
02-05-2026
33
29.04.2026.Респиратордук оорулар балдарда жана чоңдордо кеңири таралган. Алардын алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан түштүк Кыргызстандагы бийик тоолуу аймактарда пульмонологдор үчүн үч айлык көчмө мектеп жана илимий-практикалык экспедиция уюштурулду.
Башкы пульмонолог, профессор Талант Сооронбаевдин жетекчилиги алдында, ошондой эле швейцариялык профессорлордун катышуусу менен лекциялар окулуп, мастер-класстар өткөрүлдү. Анда витамин D жана С-реактивдүү белокко (СРБ) экспресс-тесттерди жүргүзүү, спирометрия жасоо жана анын жыйынтыктарын талдоо боюнча Ош облусунун жана Ош шаарынын педиатрлары,үй-бүлөлүк дарыгерлери, терапевттери жана пульмонологдору үчүн практикалык сабактар көрсөтүлдү.
КД2 кафедрасынын окутуучулары Нургул Алимова жана Жазгүл Абжамилова бул иш-чарага катышып, пайдалуу маалыматтарды алышты.