2026-жылдын 28-октябрында Эл аралык билим берүү программаларынын (ЭАББП) коллежинде Физика,математика ПЦКсынын окутуучусу Малика Бекиева АЯс9-1(к)-25 тайпасына математика предметинен кезектеги ачык практикалык сабагын өткөрдү. Сабактын темасы — «Мейкиндиктеги перпендикуляр тегиздиктер». Окутуучу сабактын башында тайпаны топторго бөлүп алды жана заманбап технологиялар менен айкалыштырып, LearningApps программасы аркылуу интерактивдүү "мээ чабуулун" уюштурду. Бул формат топторду теманы кызыгуу менен кабыл алуусуна жана өтүлгөн материалды ыкчам жооп берип, кайталоого өбөлгө түздү. Сабактын жүрүшүндө студенттер өздөрү даярдап келген суроолорун каршы атаандаштарына беришип упайрларга ээ болушту. Жаңы теманы түшүндүрүүдө доскага чийилген геометриялык чиймени GEOGEBRA тиркемесинде студенттер тегиздиктердин кесилиштерин 3D форматта курууга көрсөтмө берди. Ачык сабакка ФМ циклынын окутуучулар А. Арыков, А. Тойчуева, Н., Усманова , Р. Туленбаевалар катышышты. Сабактын аягында кесиптештер арасында талкуу жүрүп, окутуучунун методикалык чеберчилиги, топтордо иштөөсү жана студенттер менен болгон тыгыз байланышы өзгөчө белгиленди. Жыйынтыгында, сабак коюлган максаттарына толук жетип, окуу программасына жана календардык планга ылайык жогорку деңгээлде өттү деп табылды.