Жанылыктар

Кыргызстан Маариф фонду жана Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин өкүлдөрү менен жолугушуу (12.05.26)

Кыргызстан Маариф фонду жана Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин академиялык иштер боюнча координатору Рахми Орал жана анын орун басары Асилбек Абдуганиев Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетине зыярат жасап, факультеттин деканы, доцент Ниязали Арипов баштаган профессордук-окутуучулар курамынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда өзгөчө бүтүрүүчүлөр менен кызматташуу маселелерине көңүл бурулду. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, студенттердин өндүрүштүк жана педагогикалык практикаларын “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин филиалдарында уюштуруу, бүтүрүүчүлөрдү «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагы боюнча мугалимдикке жана тарбиячылык кызматтарга жумушка орноштуруу, ошондой эле окуучуларды университетке багыттоо маселелери талкууланды. Мындан тышкары, билим берүү тармагында биргелешкен тарбиялык иш-чараларды өткөрүү боюнча өз ара макулдашууларга жетишилди.
33 04:49 13-05-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|