Жанылыктар

Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык өнөктөштүк: эл аралык тегерек стол

2026-жылдын 13-апрель күнү Илим жумалыгы жана БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарынын 17-максатынын алкагында Ош мамлекеттик университетинин педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасы менен Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинин “Билим берүү теориясы жана практикасы” кафедрасы биргелешип “Туруктуу өнүгүү кызыкчылыгындагы өнөктөштүк” темасында эл аралык онлайн тегерек стол өткөрүштү. Иш-чаранын негизги максаты — илим жана билим берүү тармагындагы эл аралык өнөктөштүктү чыңдоо, академиялык кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен илимий-методикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү болду. Тегерек стол форматында өткөн жолугушууда катышуучулар арасында суроо-жооп жана пикир алмашуу жүрүп, педагогика илиминдеги актуалдуу маселелер талкууланды. Атап айтканда, илимий-окуу-тарбия процессин интеграциялоо, инновациялык технологияларды колдонуу, академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү жана биргелешкен илимий эмгектерди даярдоо маселелери каралды. Иш-чарага эки университеттин жана кафедралардын профессордук-окутуучулук курамы, жетекчилик өкүлдөрү, магистранттар жана студенттер катышты. Жыйынтыгында Scopus базасына индекстелүүчү илимий макалаларды даярдоо жана биргелешкен илимий изилдөөлөрдү ишке ашыруу боюнча макулдашууларга жетишилди. Иш-чараны педагогика кафедрасынын башчысы, доцент Жутанова Г.А. жана улук окутуучу, п.и.к. Кылышпай Б. С уюштурду. Жолугушуу 17-максаттын негизги идеясы болгон глобалдык өнөктөштүк аркылуу туруктуу өнүгүүгө жетишүү багытындагы маанилүү илимий платформа катары бааланды.
36 04:58 13-05-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|