Эл аралык билим берүү программалары колледжинде Кытай Эл Республикасынан келген волонтёр студенттер менен иш алып барууда. Волонтёр студенттерге кытай тилин үйрөтүүгө көмөк көрсөтүп, алардын тилдик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана Кытайдын маданияты менен тааныштырууга салым кошууда.
Сабактар жана жолугушуулар кызыктуу жана интерактивдүү форматта өтүп, студенттердин чет тилдерге болгон кызыгуусун арттырууда. Мындай эл аралык кызматташтык студенттер үчүн чоң тажрыйба болуп, маданий жана билим берүү байланыштарын чыңдоого өбөлгө түзөт.