Студенттик жатаканадагы санитардык абалды текшерүү жана тартипти көзөмөлдөө
09:14
13-05-2026
86
Кафедранын башчысы ТИМ Миталипова А.Н. жана кафедранын улук куратору Молдобаева А.О. жетекчилиги астында №1 студенттик жатаканага (Насирдин Исанов көчөсү, 75/1) баруу ишке ашырылды.Текшерүү жүрүшүндө турак бөлмөлөрдүн, ашканалардын жана жалпы пайдалануудагы жайлардын санитардык абалы текшерилип, май майрамдарынан кийинки ишембиликтин өткөрүлүшү көзөмөлгө алынды.Ошондой эле кафедра өкүлдөрү студенттер менен жатаканада тазалыкты жана тартипти сактоо, турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу жана жашоо менен окуу үчүн жагымдуу шарт түзүү маселелерин талкуулашты. Текшерүүнүн жыйынтыгында студенттерге санитардык нормаларды сактоо жана коомдук мүлккө жоопкерчиликтүү мамиле кылуу боюнча сунуштар берилди.