Академиялык мобилдүүлүктүн алкагында конок лекция өтүлдү
09:57
13-05-2026
40
2026-жылдын 11-12-май күндөрү ОшМУнун педагогика, искусство жана журналистика институтунун БББТАТМ кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Маданова Кызбурак Жапаровна Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда өткөрүлгөн “Түрк элдеринин филологиясында фундаменталдык изилдөөлөр жана инновациялык билим берүү технологияларынын алкагында улуу акын Алыкул Осмоновдун 111 жылдыгына арналган” эл аралык илимий-практикалык конференцияга “Алыкул Осмоновдун балдар ырларынын поэтикасы” аттуу илимий макаласы менен катышты. Андан сырткары, академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу максатында аталган институттун башталгыч жана мектепке чейинки билим берүү адистиктеринде окуган студенттерге конок лекция өтүп келди.