Билим берүү программасы жана окуу планы талкууланды
10:11
13-05-2026
54
2025-жылдын 22-апрелинде «Өндүрүштө иштеген практиктерди айкалыштыруу аркылуу ишке тартуу» багытынын алкагында билим берүү программасы жана окуу планы боюнча талкуу өткөрүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө окуу процессин өркүндөтүү, теория менен практиканы айкалыштыруу жана студенттердин кесиптик даярдыгын күчөтүү маселелери каралды. Ошондой эле окутуунун натыйжалары талкууланып, билим берүү программасына тиешелүү сунуштар берилди.
Мындай иш-чаралар билим берүү сапатын жогорулатууга, эмгек рыногунун талаптарына ылайык адистерди даярдоого жана практикалык тажрыйбаны кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.