Колледждин окутуучусу Калыкова Сабира Корея Республикасынын Пусан шаарында жайгашкан Catholic University of Pusan университетинде квалификациясын жогорулатуу программасына катышууда.
Программа окутуучулардын кесиптик билимдерин жана тажрыйбаларын өркүндөтүүгө, заманбап билим берүү ыкмалары менен таанышууга багытталган. Мындай эл аралык тажрыйба алмашуулар билим берүү сапатын жогорулатууга жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого чоң салым кошот.