ОшМУнун ЭАББП колледжи Самарканд мамлекеттик чет тилдер институту менен кызматташтык макулдашуусуна кол койду.
04:47
14-05-2026
43
Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалары колледжинин директору Рамашов Кумар Акматалиевич баштаган окутуучулар курамы Самарканд мамлекеттик чет тилдер институтуна иш сапары менен барды. Сапардын алкагында эки окуу жай ортосунда өз ара кызматташтык макулдашуусуна кол коюлду.
Жолугушууда тараптар төмөнкү маселелерди талкуулашты:
Академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана профессордук-окутуучулук курамдын тажрыйба алмашуусу;
Заманбап билим берүү технологияларын окуу процессине киргизүү;
Илим жана инновациялык педагогика тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу.
Ошондой эле, колледждин окутуучулары “From Chalk to Chatbots: The Evolution of Teaching” аттуу семинар-тренингге катышышты. Анда жасалма интеллектти билим берүүдө колдонуу жана санариптик технологиялар боюнча пикир алышуу болду.