News

28-апрель күнү Япониянын Кыргызстандагы "Япониянын эл аралык кызматташуу агенттигинин - JICA" волонтёрлорунун координаторлору келди

28-апрель, 2026-жыл 28-апрель күнү Япониянын Кыргызстандагы "Япониянын эл аралык кызматташуу агенттигинин - JICA" волонтёрлорунун координатору Тахира Юкико айымды Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев кабыл алып, эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Сүйлөшүүгө ылайык жаңы окуу жылынан баштап Чыгыш таануу институтунда Япониядан келген волонтёрлор иштеп баштайт. Маалымат ирээтинде. Учурда Чыгыш таануу институтунда жалпы 20 студент япон тилин окуп жатса, анын ичинен эки студенти Японияда академиялык мобилдүүлүк программасы менен окуп жатышат. Чыгыш таануу институтунда "Япон тили жана маданияты" борбору иш алып барат.
220 08:47 14-05-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|