“Улуттук уңгужол – намыс, тарбия, келечек жолун жарыктанткан шам” аттуу ата-энелер жыйыны ийгиликтүү өттү
08:50
14-05-2026
14
2026-жылдын 30-апрелинде педагогика, искусство жана журналистика институтунда БББТАТМ кафедрасынын окутуучусу Мамазияева Жаңыл Абдикирамовнанын жетекчилигинде НО(б)-5-24 куратордук топтун катышуусу менен “Улуттук уңгужол – намыс, тарбия, келечек жолун жарыктанткан шам” аттуу ата-энелер жыйыны өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин билим алуусу, жүрүм-туруму жана тарбиялык абалы боюнча ата-энелер менен тыгыз кызматташтыкты күчөтүү, улуттук баалуулуктардын негизинде тарбияны бекемдөө болду.
Жыйында студенттердин жетишкендиктери, окуу процесси, коомдук активдүүлүгү жана тарбиялык ишмердүүлүгү боюнча кеңири маалымат берилип, ата-энелер менен ачык пикир алмашуу уюштурулду.
Иш-чарада улуттук уңгужол, намыс, адеп, жоопкерчилик сыяктуу маанилүү түшүнүктөрдүн жаш муундун калыптанышындагы ролу баса белгиленди.