News

“Улуттук уңгужол – намыс, тарбия, келечек жолун жарыктанткан шам” аттуу ата-энелер жыйыны ийгиликтүү өттү

2026-жылдын 30-апрелинде педагогика, искусство жана журналистика институтунда БББТАТМ кафедрасынын окутуучусу Мамазияева Жаңыл Абдикирамовнанын жетекчилигинде НО(б)-5-24 куратордук топтун катышуусу менен “Улуттук уңгужол – намыс, тарбия, келечек жолун жарыктанткан шам” аттуу ата-энелер жыйыны өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин билим алуусу, жүрүм-туруму жана тарбиялык абалы боюнча ата-энелер менен тыгыз кызматташтыкты күчөтүү, улуттук баалуулуктардын негизинде тарбияны бекемдөө болду. Жыйында студенттердин жетишкендиктери, окуу процесси, коомдук активдүүлүгү жана тарбиялык ишмердүүлүгү боюнча кеңири маалымат берилип, ата-энелер менен ачык пикир алмашуу уюштурулду. Иш-чарада улуттук уңгужол, намыс, адеп, жоопкерчилик сыяктуу маанилүү түшүнүктөрдүн жаш муундун калыптанышындагы ролу баса белгиленди.
12 08:50 14-05-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|