Теология факультетинде "40 хадис" жарышы болуп өттү
14:24
14-05-2026
74
Бүгүн ОшМУ Теология факультети тарабынан уюштурулган “40 хадис” жарышы жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Жарышка 1-курс, 2-курс, 3-курс жана 4-курс студенттери активдүү катышып, өз билимдерин, жаттоо жөндөмдөрүн жана хадистерге болгон кызыгуусун көрсөтүштү.
Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин диний билимдерин тереңдетүү, Пайгамбарыбыздын ﷺ хадистерин үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттыруу жана адеп-ахлактык баалуулуктарды жайылтуу болду.
Жарыштын жыйынтыгында:
1-орун — 1-курс студенти Кочконев Айбек,
2-орун — 4-курс студенти Музаффар кызы Дилафруз жана
3-курс студенти Нуралиева Насыйкат,
3-орун — 1-курс студенти Балтабаева Азиза ээлеп, өз сыйлыктарын алышты.
Катышуучулар хадистерди так жана көркөм айтууда өз өнөрлөрүн көрсөтүп, калыстар тарабынан жогору бааланды.
Ошондой эле жарыштын жеңүүчүлөрүнө баалуу сыйлыктарды тартуулаган Türkiye Diyanet Vakfı фондуна терең ыраазычылык билдиребиз. Жаштардын илим алуусуна, руханий өнүгүүсүнө жана диний билимдин жайылышына көрсөтүп жаткан колдоолоруңуздар үчүн чоң рахмат айтабыз.
Мындай пайдалуу иш-чаралар жаштардын илимге болгон сүйүүсүн арттырып, руханий тарбиясынын бекемделишине чоң салым кошот.