Индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучусу 2026-жылдын 22–26-апрель күндөрү Казакстан Республикасынын Алматы шаарында өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга Апышова Замира Кабыловна катышып келди.
Конференция К.А. Яссави атындагы №123 мектеп-гимназиясында уюштурулуп, «Яссави таалиматы жана XXI кылымдын баалуулуктары менен компетенттүүлүктөрү» аттуу теманын алкагында өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү тармагындагы заманбап усулдар, илимий изилдөөлөр жана педагогикалык тажрыйбалар боюнча пикир алмашуулар жүргүзүлүп, катышуучулар өз ара кызматташтыкты бекемдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.