«Конституция жана тарых: укуктун өнүгүү жолу» аттуу интеллектуалдык таймаш
06:15
15-05-2026
14
2026-жылдын 30-апрелинде 2-курс “Укук таануу”- багытында билим алган студенттер арасында тарых сабагынын алкагында окутуучулар Маматов А, Анарбаева Д.М, Рыскулова К.Р тарабынан «Конституция жана тарых: укуктун өнүгүү жолу» аттуу интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты — студенттердин тарых жана укук жаатындагы билимдерин бекемдөө, Конституциянын тарыхый маанисин түшүндүрүү жана ой жүгүртүү жөндөмдөрүн өнүктүрүү болду.
Таймаштын жүрүшүндө студенттер Конституциянын тарыхы, мамлекеттүүлүктүн өнүгүшү жана укуктун калыптануу этаптары боюнча суроолорго жооп беришти. Ошондой эле тарыхый окуяларга байланышкан логикалык тапшырмалар жана кызыктуу суроо-жооптор уюштурулду.
Катышуучулар активдүүлүгүн көрсөтүп, өз билимдерин жана тапкычтыгын ийгиликтүү далилдей алышты. Таймаш кызыктуу жана достук маанайда өтүп, студенттерге жаңы маалыматтарды алууга чоң мүмкүнчүлүк түздү.Иш-чаранын жыйынтыгында мыкты катышуучулар аныкталып, аларга ыраазычылык билдирилди.Мындай интеллектуалдык таймаштар студенттердин билим сапатын жогорулатууга жана тарыхый- укуктук аң-сезимин калыптандырууга чоң өбөлгө түзөт.