Жанылыктар

Теология факультетинде спорт жумалыгынын жыйынтыктоо аземи болуп өттү

Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетинде уюштурулган спорт жумалыгы өз жыйынтыгына келип, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өткөрүлдү. Апта ичинде студенттер спорттун ар түрдүү түрлөрү боюнча күч сынашып, активдүү катышуу менен өздөрүнүн шамдагайлыгын, ынтымагын жана спортко болгон кызыгуусун көрсөтө алышты. Жыйынтыктоочу аземде кыздар жана балдар арасында өткөн мелдештердин жеңүүчүлөрү аныкталып, аларга дипломдор жана атайын сыйлыктар тапшырылды. Кыздар арасында: Кол күрөш боюнча; 1-орун Мансурова Нуриза, 2-орун Мухаммадтухлиева Хуршида, 3-орун Асанова Перизат. Аркан тартыш боюнча; 1-орун Бакалавр, 2-орун Колледж 1-курс (9 база 9-1-25), 3-орун Колледж 1-курс (11 база 11-1-25). Стол теннис боюнча; 1-орун Асанова Перизат, 2-орун Жумабекова Айсулуу Волейбол 1-орун 1-курс студенттери, 2-орун 4-курс студенттери, 3-орун 2-курс студенттери. Балдар арасында: Волейбол боюнча; 1-орун колледждин студенттери, 2-орун 1-курс студенттери, 3-орун 2-курс студенттери. Футбол боюнча; 1-орун 2-курс 2-орун Колледж 1-курс, 3-орун Колледж 3-курс. Теннис боюнча; 1-орун Шамшибеков Абай, 2-орун Тойчиев Ороз, 3-орун Мамадамин уулу Мухаммед. Кол күрөш боюнча; 1-орун Ураимов Кабылан, 2-орун Уросбеков Данияр, 3-орун Закиров Атабек. Аркан тартыш боюнча; 1-орун 3-курс, 2-орун 2-курс, 3-орун Колледж 11-база 1-курс. Гира көтөрүү боюнча; 1-орун 4-курс, 2-орун 2-курс, 3-орун 3-курс студенттери ээледи. Факультет жетекчилиги спорттук иш-чарага активдүү катышкан бардык студенттерге ыраазычылык билдирип, мындан ары да сергек жашоо образын карманууга чакырды. Спорт жумалыгы студенттер арасында достукту, ынтымакты жана биримдикти бекемдеген маанилүү иш-чаралардын бири болду.
13 08:46 15-05-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|