Haber

2026-жылдын 15-майында Ош шаарындагы А. Навои атындагы эс алуу багында

2026-жылдын 15-майында Ош шаарындагы А. Навои атындагы эс алуу багында Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинин кесиптик дисциплиналардын предметтик циклдык комиссиясы менен ЭКОПУЛЬС көз карандысыз коммерциялык эмес уюмунун биргелешкен демилгеси астында “Табият – биздин келечегибиз” аттуу сүрөт конкурсу өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — жаштардын экологиялык аң-сезимин калыптандыруу, көркөм чыгармачылыкка болгон кызыгуусун арттыруу жана жаратылышты коргоо идеяларын искусство аркылуу жайылтуу болду. Сүрөт конкурсунун алкагында студенттер тарабынан жандуу жазуу ыкмасында тартылган чыгармачыл эмгектер көргөзмөгө коюлуп, алардын мазмундук өзгөчөлүгү, көркөм аткарылышы жана экологиялык теманы чагылдыруу деңгээли боюнча бааланды. Конкурстук иштерди төмөнкү курамдагы калыстар тобу баалашты: 1. Анарбаева Г.А. — гуманитардык-педагогикалык бөлүмдүн башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент; 2. Исмаилова П.А. — ЭКОПУЛЬС уюмунун төрайымы; 3. Ысмайылов М.З. — Искусство факультетинин доценти, педагогика илимдеринин кандидаты. Конкурска колледждин студенттери менен катар Ош шаарынын тургундары да активдүү катышышты. Катышуучулардын чыгармачылык эмгектери калыстар тобу тарабынан жогору бааланып, жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты. Иш-чаранын соңунда ЭКОПУЛЬС уюмунун төрайымы Исмаилова П.А. уюштуруучуларга жана активдүү катышкан окутуучуларга терең ыраазычылык билдирип, мындан аркы кызматташтыкты чыңдоо багытында биргелешкен иш-аракеттер улантыларын белгиледи. Өзгөчө төмөнкү окутуучулардын эмгеги жогору бааланды: 1. Анарбаева Г.А. — гуманитардык-педагогикалык бөлүмдүн башчысы, т.и.к., доцент; 2. Шакиров К.А. — кесиптик дисциплиналардын предметтик циклдык комиссиясынын төрагасы; 3. Нишанбаева Н. — ЭКОПУЛЬС уюмунун активисти жана МДЦКнын окутуучусу; 4. Самидинова Г. — КДПЦКнын окутуучусу; 5. Жээналы уулу Жанжигит — КДПЦКнын окутуучусу; 6. Садирдинов Б. — КДПЦКнын окутуучусу. Аталган сүрөт конкурсу экологиялык тарбияны өнүктүрүүгө, студенттердин чыгармачылык потенциалын колдоого жана коомчулук арасында жаратылышка аяр мамиле жасоо маданиятын калыптандырууга багытталган маанилүү маданий-агартуучулук иш-чара катары өзгөчөлөндү. 15 мая 2026 года в парк отдыха имени А. Навои города Ош по совместной инициативе предметно-цикловой комиссии профессиональных дисциплин Индустриально-педагогического колледжа Ошский государственный университет и независимой некоммерческой организации ЭКОПУЛЬС был проведён конкурс рисунков на тему «Природа — наше будущее». Основной целью мероприятия стало формирование экологического сознания молодежи, развитие интереса к художественному творчеству и популяризация идей охраны природы средствами искусства. В рамках конкурса были представлены творческие работы студентов, выполненные в технике живописи. Работы оценивались по содержательности, художественному исполнению и уровню раскрытия экологической тематики. Оценивание конкурсных работ проводило жюри в следующем составе: 1. Анарбаева Г.А. — заведующая гуманитарно-педагогическим отделением, кандидат исторических наук, доцент; 2. Исмаилова П.А. — председатель организации ЭКОПУЛЬС; 3. Ысмайылов М.З. — доцент факультета искусства, кандидат педагогических наук. В конкурсе приняли активное участие не только студенты колледжа, но и жители города Ош. Творческие работы участников были высоко оценены членами жюри, а победители награждены денежными призами и благодарственными письмами. В завершение мероприятия председатель организации ЭКОПУЛЬС Исмаилова П.А. выразила искреннюю благодарность организаторам и преподавателям, активно участвовавшим в проведении конкурса, а также подчеркнула важность дальнейшего укрепления сотрудничества и реализации совместных инициатив. Особо были отмечены следующие преподаватели: • Анарбаева Г.А. — заведующая гуманитарно-педагогическим отделением, к.и.н., доцент; • Шакиров К.А. — председатель предметно-цикловой комиссии профессиональных дисциплин; • Нишанбаева Н. — активист организации ЭКОПУЛЬС и преподаватель МДЦК; • Самидинова Г. — преподаватель КДПЦК; • Жээналы уулу Жанжигит — преподаватель КДПЦК; • Садирдинов Б. — преподаватель КДПЦК. Данный конкурс рисунков стал значимым культурно-просветительским мероприятием, направленным на развитие экологического воспитания, поддержку творческого потенциала студентов и формирование в обществе культуры бережного отношения к природе.
10 09:35 15-05-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|