Haber

ОшМУнун окутуучуларына бирдиктүү спорттук форма тапшырылды

Ош мамлекеттик университетинде спорттук мелдештерде университеттин намысын коргоп келген окутуучулар үчүн бирдиктүү спорттук формаларды тапшыруу аземи өткөрүлдү. Жаңы спорттук формалар ата мекендик Bikser компаниясы тарабынан даярдалып, сапаттуу жана заманбап үлгүдө тигилген. Спорттук формаларды алуу демилгеси ОшМУнун кесиптик бирлиги менен окутуучулардын биргелешкен аракети аркылуу ишке ашырылып, каржылоо кесиптик бирликтин колдоосу жана окутуучулардын жеке салымы менен камсыздалды. Бул демилге университеттин спорттук маданиятын өнүктүрүүгө, командалык духту бекемдөөгө жана окутуучулардын спорттук ишмердүүлүгүн колдоого багытталган. Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жай жетекчилиги спорт — сергек жашоо образынын негизи экенин белгилеп, ОшМУда дене тарбия жана спорт багытын өнүктүрүү, спорттук жетишкендиктерди колдоо ар дайым артыкчылыктуу багыттардын бири болуп келерин билдирди. Ошондой эле, университеттин атынан ар түрдүү республикалык жана эл аралык мелдештерге катышып, окуу жайдын намысын коргоп жүргөн окутуучулардын эмгеги жогору бааланып, аларга алдыдагы спорттук таймаштарда ийгиликтер кааланды. Жаңы спорттук формалар окутуучулардын командалык биримдигин чыңдап, университеттин атын татыктуу алып чыгууга кошумча дем берери белгиленди. Белгилей кетсек, ОшМУнун окутуучулары спорттун ар кыл түрлөрү боюнча өткөрүлгөн мелдештерге активдүү катышып, университеттин аброюн көтөрүүгө өз салымдарын кошуп келишет.
8 10:29 15-05-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|