17-май – Энелер күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинде билим берүү тармагындагы жигердүү ишмердүүлүгү жана коомдук иштерге кошкон салымы үчүн кызматкерлерге сый көрсөтүлдү.
Университет жетекчилиги тарабынан 19 окутуучуга Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Алардын ичинен 12си “Баатыр эне” наамынын ээси болсо, калгандары “Эне даңкы” медалы менен сыйланышты.
Ректор Кудайберди Кожобеков энелердин коомдогу орду өзгөчө экенин белгилеп, алардын жаш муундарды тарбиялоодогу, сапаттуу билим берүүдө жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоодогу эмгегин жогору баалады.
Сыйлык алган окутуучулар университет жетекчилигине ыраазычылык билдиришти. Алар мындай колдоо эмгекти баалоо менен бирге энелерге болгон урмат-сыйды арттырарын белгилешти.