Жанылыктар

ОшМУда педагогикалык багытта бюджеттик негизде окуусун аяктап жаткан бүтүрүүчүлөр мектептерге бөлүштүрүлдү

КРнын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 30-июнундгы №355 токтомуна ылайык ОшМУда 2025-2026-окуу жылында бюджеттик негизде окуусун аяктап жаткан педагогикалык адистиктеринин бүтүрүүчүлөрүн жалпы билим берүүчү мектептерге бөлүштүрүү жараяны өттү.

Жыйынды Практика жана карьера борборунун жетекчиси М.Д.Бабаев жетектеп, райондук, шаардык билим берүү уюмдарынан өкүлдөр жана мектеп директорлору катышты.

Бүтүрүүчүлөр Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген ваканттык жана билим берүү бөлүмдөрүнөн келген талапнаамаларда көрсөтүлгөн орундарга бөлүштүрүлдү. Жалпысынан 103 бүтүрүүчү мектептерге бөлүштүрүлүп, жумуш менен камсыз болушту. Быйылкы жылы бюджеттик негизде (педагогикалык багытта) 152 бүтүрүүчү окуусун аяктап жатат.

478 10:59 15-05-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 >|