ОшМУда PhD докторанттардын алдын ала коргоолору өткөрүлдү
09:52
16-05-2026
15
2026-жылдын 14–16-май күндөрү Ош мамлекеттик университетинде 561000 – Коомдук саламаттыкты сактоо жана медицина (4 докторант), ошондой эле 640200 – Электроэнергетика жана электротехника (2 докторант) багыттары боюнча PhD программаларында билим алып жаткан докторанттардын алдын ала диссертациялык коргоолору өткөрүлдү.
Алдын ала коргоо жогорку деңгээлде уюштурулуп, эксперттик комиссиянын толук курамы онлайн жана офлайн форматтарында активдүү катышты. Жюрилер тарабынан докторанттардын илимий изилдөөлөрү кеңири талкууланып, тиешелүү суроолор берилип, иштердин мазмуну, актуалдуулугу жана илимий жаңылыгы жогору бааланды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Турсунов Дилмурад Абдиллажанович — ОшМУнун илим жана инновациялар боюнча проректору жана Молдалиев Жоомарт Тумакович — аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы коргоо процедуралары менен тааныштырып, докторанттарга жана алардын илимий жетекчилерине ийгиликтерди каалап, алардын илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнө жогору баа беришти.