Жанылыктар

ОшМУда PhD докторанттардын алдын ала коргоолору өткөрүлдү

2026-жылдын 14-майынан 16-майына чейин Ош мамлекеттик университетинде 561000 – Коомдук саламаттыкты сактоо жана медицина(4 докторант), ошондой эле 640200 – Электроэнергетика жана электротехника(2 докторант) багыттары боюнча PhD программаларында окуган докторанттардын алдын ала диссертациялык коргоолору өткөрүлдү. Коргоо жогорку деңгээлде уюштурулуп, эксперттик комиссиянын толук курамы катышып жатышат. Комиссия мүчөлөрү тарабынан докторанттардын илимий изилдөөлөрү терең талкууланып, мазмуну жана илимий жаңылыгы жогору бааланууда. Иш-чарада ОшМУнун илим жана инновациялар боюнча проректор ф.-м.и.д., профессор Турсунов Дилмурад Абдиллажанович жана аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы коргоо процедуралары менен тааныштырып, докторанттарга жана алардын илимий жетекчилерине ийгиликтерди каалап, алардын илимий багыттагы аракеттерине жогорку баасын берди.
13 09:52 16-05-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|