ОшМУнун курулуш колледжинде Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жобосуна карата “Кыргыз элинин улуттук баалуулуктары” деген темада Абдурасулова Насиба эжеке тегерек стол өткөрдү.
13:31
17-05-2026
57
ОшМУнун курулуш колледжинде Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жобосуна карата “Кыргыз элинин улуттук баалуулуктары” деген темада тегерек стол өткөрүлдү. Бул иш-чараны кыргыз тили жана адабияты мугалими Н.Ж.Абдырасулова 1-курстун студенттерине уюштурду.
Иш-чаранын максаты: Кыргыз тили мамлекеттик тил катары саналып, өз эне тилибизди сактап, улуттук баалуулуктарыбызды, каада-салт, үрп-адаттарыбыз, улуттук тамак-аштар, оюндар, улуттук кийимдерибизди, кыргыз эли көчмөн калк экенин унутпай кадырлап, кийинки урпактарга өткөрүп берүү.
Адабий кечеде кыргыз элинин улуттук баалуулуктары боюнча маалыматтар, кыргыз тилине байланыштуу көркөм окуулар, макал-лакап, жаңылмачтар, Манас айтуу, комуз күүлөрү чертилип, боз үй, кыргыздын каада-салт, үрп-адаттары, улуттук тамак-аштар, оюндар, улуттук кийимдери боюнча көрсөтмө, слайд, видеолор аркылуу маалыматтар айтылып, суроо-жооптор болду. Иш- чарага колледждин мугалимдери катышты.