Новости

ОшМУ → Ташкентке иш сапар

ОшМУнун МФТИТ институтунун Колдонмо математика, информатика жана графикалык дизайн кафедрасынын башкы илимий кызматкери, тех.и.д., профессор Жусубалиев Ж.Т., ф.-м.и.к., доцент Пирматов А.З. жана кафедра башчысы, тех.и.к., доцент Жолдошов Т.М. 2026-жылдын 15-16- май күндөрү Өзбекстан Республикасынын Ташкент мамлекеттик транспорттук университетинде атайын иш сапарда болуп келишти. Иш сапардын жүрүшүндө:
- курулуш жана архитектура адистиктеринде окуган стденттердин эмгектеринин жарманкесине күбө болушту;
- ⁠жогорку математика кафедрасынын эмгек жамааты менен жолугушуп, пикир алышты;
- ⁠университетке экскурция уюштурулуп, материалдык-техникалык базасы, студенттик жатаканалары, спорт комплекси менен таанышты;
- ⁠колдонмо математика адистигинин окуу программасы менен таанышып, кош дипломдук, мобилдүүлүк пландары таалкууланды;
- ⁠илимий кызматташтык: биргелешип илимий кадр даярдоо; биргелешкен илимий макалаларды Scopus базасындагы журналдарга жарыялоо; илимий проектерге, гранттарга биргелешип катышуу; биргелешкен илимий лаборатория ачуу пландарын талкуулашты.
264 09:56 18-05-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|