Эл аралык конференция Андижанда: ЭАББПнын окутуучусу А. Осмоновдун 111 жылдыгына карата баяндама жасады.
04:18
19-05-2026
67
2026-жылдын 12-майында Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы Алыкул Осмоновдун 111 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
«Түрк элдеринин филологиясында фундаменталдык изилдөөлөр жана инновациялык билим берүү технологиялары» деп аталган бул иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалары колледжинин (ЭАББП) кыргыз тили окутуучусу Айтиева Мурзаим Аскарбековна «А. Осмоновдун котормочулук чеберчилиги «Жолборс терисин кийген баатыр» чыгармасында» деген темада илимий макаласы менен катышты.
Жыйынды институттун ректору, профессор Бахтияр Махмуджанович Расулов ачып, кыргыз жана өзбек элдеринин маданий-достук байланыштарынын маанилүүлүгүнө токтолуп, конокторго ыраазычылык билдирди. Иш-чаранын алкагында студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, улуу акындын ырлары кыргыз жана өзбек тилдеринде жаңырды.