Жасалма интеллект доорундагы жаңыча билим берүү: Саламат Тангатарова эл аралык конференцияда баяндама жасады
05:39
19-05-2026
41
Белгилүү окумуштуу Абдыкерим Муратовдун 70 жылдык мааракесине арналган «Жасалма интеллекттин башталыш доорундагы адабият менен педагогиканын орду. Муратовдук окуулар - 3» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш-чаранын алкагында ТИМ кафедрасынын окутуучусу Тангатарова Саламат заманбап педагогикалык ыкмаларды камтыган актуалдуу темада баяндама жасады. Анын «Чет өлкөлүк студенттерге химия дисциплинасын окутууда 5Е жана 4К методдору» аттуу чыгышы катышуучулардын чоң кызыгуусун жаратты. Баяндамада заманбап билим берүүдөгү креативдүүлүк жана инновациялык технологияларды интеграциялоо маселелери чагылдырылды.