ЭАББП колледжинин окутуучусу Мырзайым Айтиеванын эмгеги «Таалим» журналына жарыяланды.
03:53
20-05-2026
38
2026-жылдын 15-майында Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде педагогика илимдеринин доктору, профессор, жазуучу Абдыкерим Муратовдун 70 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.
Конференциянын алкагында мугалимдер арасында сабак пландарын (иштелмелерди) түзүү боюнча сынак уюштурулуп, өлкөнүн 7 дубанынан 130дан ашык эмгек келип түшкөн. Калыстар тобу тарабынан эң мыкты деп табылган 33 гана иштелме «Таалим» илимий журналына атайын жыйнак катары киргизилди.
Бул мыктылардын катарына ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары колледжинин Коомдук дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучусу Айтиева Мырзайымдын 1-курстун студенттери үчүн кыргыз адабиятынан даярдаган «А. Осмоновдун лирикалары» аттуу план-иштелмеси кирди. Бул — колледждин окутуучуларынын методикалык потенциалынын жогору экендигинин далили.