Haber

Журналистика адистигинин студенти “Чолпонум” мюзиклинде башкы ролдо...

18-апрель Бабур театрында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жолболду Алибаевдин 80 жылдык мааракесине арналган «Чолпонум» мюзиклинин премьерасы болуп өттү. Мюзиклде башкы каарман Чолпондун образын ОшМУнун Педагогика, искусство жана журналистика институтунун журналистика адистигинин 4-курсунун студенти Эркинбек кызы Курманжан аткарды. Анын сахнадагы чеберчилиги жана образды терең ачып берүүсү көрүүчүлөрдүн алкышына татыды. Бул чыгарма студенттик жашоонун унутулгус күндөрүн эске салып, жаштык энергиясын жана жан дүйнөнү эргиткен маанайды тартуулады. Мюзиклдин көркөмдүгү жана жаш таланттардын сахнадагы ийгиликтүү чыгышы ОшМУ студенттеринин чыгармачылык дараметин дагы бир жолу тастыктады.
9 08:37 20-05-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|