ОшМУда педагогика боюнча институттар аралык олимпиада болуп өттү
09:17
20-05-2026
12
2026-жылдын 12-майында Ош мамлекеттик университетинин институттары арасында жалпы педагогика багыты боюнча олимпиада өткөрүлдү. Олимпиаданын негизги максаты — студенттердин педагогикалык билим деңгээлин жогорулатуу, кесиптик ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана таланттуу студенттерди аныктоо болду.
Олимпиадага тарых жана юридика институтунун, филология жана маданият аралык коммуникация институтунун, ошондой эле табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун студенттери катышып, жалпысынан 24 студент күч сынашты.
Жыйынтыгында төмөнкү студенттер байгелүү орундарды ээлешти:
1-орун — 34 балл.
Жороева Аймээрим — филология жана маданият аралык коммуникация институтунун англис тили адистигинин студенти.
Жетекчиси:Батыралиев А.
2-орун — 31 балл.
Абдыжапарова Нурзада — филология жана маданият аралык коммуникация институтунун орус тили адистигинин студенти.
Жетекчиси:Жакупова Г.С.
3-орун — 30 балл.
Токурова Айтолкун — филология жана маданият аралык коммуникация институтунун кыргыз тили адистигинин студенти.
Жетекчиси:Жусупова А.А.
3-орун — 30 балл.
Кожоева Бегимай — филология жана маданият аралык коммуникация институтунун англис тили адистигинин студенти.
Жетекчиси:Сүйүнбаева М.С.
4-орун — 29 балл.
Токчулук Назима — филология жана маданият аралык коммуникация институтунун англис тили адистигинин студенти.
Жетекчиси:Самиева А.Ж.
Олимпиаданы педагогика кафедрасынын окутуучусу Айсана Жакыпбековна Самиева уюштуруп өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө педагогика кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы активдүү катышып, олимпиаданын жогорку деңгээлде өтүшүнө өз салымдарын кошушту.
Өткөрүлгөн олимпиада студенттердин билимге болгон кызыгуусун арттырып, педагогикалык багыттагы кесиптик даярдыгын өнүктүрүүгө жана институттар аралык тажрыйба алмашууга жакшы мүмкүнчүлүк түздү.