Ош мамлекеттик университетинин Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун социалдык иштер адистигинин 2-курсунун студенттери, Социалдык иштер кафедрасынын окутуучусу Таттыбүбү Женишбековнанын жетекчилиги астында чоң жетишкендиктерди багындырышты.
Суюнова Тахмина — «КМШнын мыкты студенти» наамын багындырып, эл аралык деңгээлде да өзүн жогорку потенциалын көрсөтө алды.
Торокулова Нуржан — «Кыргызстандын мыкты студенти» наамына татыктуу болуп, билими, эмгекчилдиги жана коомдук иштердеги активдүүлүгү менен өзгөчөлөндү.
Бул ийгиликтер — тынымсыз эмгектин, туура багыт берүүнүн жана билимге болгон умтулуунун жыйынтыгы. Сиздер менен сыймыктанабыз!











