News

«Айыл чарба колледжинде экологиялык форум өткөрүлдү»

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ №369 Жарлыгынын негизинде “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгулуу жолу концепциясы жана Ош мамлекеттик университетинин илимий, таалим-тарбиялык жана коомдук ишмердүүлүгүн өнүктүрүү жөнүндөгү Жобонун алкагында Айыл чарба колледжинде экологиялык форум болуп өттү. Форумдун максаты: — Студенттердин экологиялык аң-сезимин жогорулатуу, жаратылышты коргоого жана сүйүүгө тарбиялоо, жоопкерчилигин калыптандыруу жана экологиялык билимдерин практикалык иш-аракеттер аркылуу бекемдөө; — Экологиялык өзгөрүүлөр, көйгөйлөр менен таанышып, аларды чечүү жолдору боюнча ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү; — Келечектеги кесип ээлеринин экологияга болгон жоопкерчилигин күчөтүү. Форумга катышкан меймандар: — Окуу жайдын директору П.З. Тувашев — Ош мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Шарипова Мастура Сайпидиновна — Кыргыз Республикасынын экотех көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын улук инспектору Уланкадыр Биймамат уулу — Жакыпбекова Атыргүл Талиповна — биология илимдеринин кандидаты, ОшМУнун физика-математика факультетинин жогорку математика жана инновациялык технологиялар кафедрасынын доценти — Умурзакова Гүлмира Торобаевна — Ош шаардык суу чарбасынын химик-лаборанты Баяндамалар: — “Глобалдык жылуулук” — Абдымомунова Б. — “Таштандылардын адамзатка жана жерге тийгизген таасири” — Сыдык кызы Форум жогорку деңгээлде өтүп, студенттер активдүү катышышты.
19 11:13 20-05-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|