«Айыл чарба колледжинде экологиялык форум өткөрүлдү»
11:13
20-05-2026
18
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ №369 Жарлыгынын негизинде “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгулуу жолу концепциясы жана Ош мамлекеттик университетинин илимий, таалим-тарбиялык жана коомдук ишмердүүлүгүн өнүктүрүү жөнүндөгү Жобонун алкагында Айыл чарба колледжинде экологиялык форум болуп өттү.
Форумдун максаты:
— Студенттердин экологиялык аң-сезимин жогорулатуу, жаратылышты коргоого жана сүйүүгө тарбиялоо, жоопкерчилигин калыптандыруу жана экологиялык билимдерин практикалык иш-аракеттер аркылуу бекемдөө;
— Экологиялык өзгөрүүлөр, көйгөйлөр менен таанышып, аларды чечүү жолдору боюнча ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү;
— Келечектеги кесип ээлеринин экологияга болгон жоопкерчилигин күчөтүү.
Форумга катышкан меймандар:
— Окуу жайдын директору П.З. Тувашев
— Ош мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Шарипова Мастура Сайпидиновна
— Кыргыз Республикасынын экотех көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын улук инспектору Уланкадыр Биймамат уулу
— Жакыпбекова Атыргүл Талиповна — биология илимдеринин кандидаты, ОшМУнун физика-математика факультетинин жогорку математика жана инновациялык технологиялар кафедрасынын доценти
— Умурзакова Гүлмира Торобаевна — Ош шаардык суу чарбасынын химик-лаборанты
Баяндамалар:
— “Глобалдык жылуулук” — Абдымомунова Б.
— “Таштандылардын адамзатка жана жерге тийгизген таасири” — Сыдык кызы
Форум жогорку деңгээлде өтүп, студенттер активдүү катышышты.