News

ОшМУнун кызматкерлери «Ден Соолук-2026» спартакиадасында биринчи орунду ээледи

Ош технологиялык университетинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан жогорку окуу жайлардын кызматкерлери арасында спорттун жети түрү боюнча XIX «Ден Соолук-2026» спартакиадасы өткөрүлдү. Спорттук иш-чарага Ош жана Жалал-Абад облустарындагы жогорку окуу жайлардын командалары катышып, өз ара күч сынашты. Мелдештер достук, ынтымак жана сергек жашоо образын даңазалаган маанайда өттү. Мелдештин жүрүшүндө командалар жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүп, спорттук чеберчилиги менен айырмаланышты. Жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөрдү камсыз кылган Ош мамлекеттик университетинин кызматкерлери жеңүүчү аталып, 84 упай менен жалпы командалык эсепте биринчи орунду ээледи. Жыйынтыктардын көрсөткүчү: • Ордо — 1-орун • Стол тенниси (агайлар) — 1-орун • Шахмат (эжекелер) — 1-орун • Шахмат (агайлар) — 1-орун • Тогуз коргоол (эжекелер) — 1-орун • Тогуз коргоол (агайлар) — 1-орун • Волейбол (эжекелер, 40-) — 1-орун • Кичи футбол (40+) — 1-орун • Стритбол (40-) — 1-орун • Стол тенниси (эжекелер) — 2-орун • Волейбол (агайлар, 40-) — 2-орун • Волейбол (агайлар, 40+) — 2-орун • Волейбол (эжекелер, 40+) — 2-орун • Кичи футбол (40-) — 2-орун • Стритбол (40+) — 2-орун
9 16:13 20-05-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|