Новости

Ош мамлекеттик университети 2026-2027-окуу жылына илимдин кандидаты жана илимдин доктору окумуштуулук даражасына изденүүчүлөрдү кабыл алууну жарыялайт!

Ош мамлекеттик университети 2026-2027-окуу жылына илимдин кандидаты жана илимдин доктору окумуштуулук даражасына изденүүчүлөрдү кабыл алууну жарыялайт!

Кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим минстрлигинин 2024-жылдын 3-июлундагы № 987/1 буйругунун негизинде 2025-жылдын 10-июлунан 10-октябрына чейин жүргүзүлөт. https://base.oshsu.kg/resurs/document/PDF-20240921140503-admin_nauk.pdf


Кабыл алынуучу адистиктерди ОшМУнун сайтында https://base.oshsu.kg/resurs/document/PDF-20250529054112-admin_nauk.pdf шилтемеси менен көрүүгө болот.


Кабыл алуу төмөндөгүдөй этапта жүргүзүлөт

· 10-июлдан 31-августка чейин тиешелүү профилдик кафедраларда диссертациялык иштин темасын жана илимий жетекчилерди (кеңешчилерди) тактоо боюнча аңгемелешүү жүргүзүлөт;

· 1-сентябрдан 30-сентябрга чейин изденүүчүккө документтер кабыл алынат;

· 1-октябрдан 10-октябрга чейин кабыл алуу боюнча конкурстук комиссия өткөрүлөт. Толук маалымат тиркемеде.

13 04:56 22-05-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|