Ош мамлекеттик университети 2026-2027-окуу жылына илимдин кандидаты жана илимдин доктору окумуштуулук даражасына изденүүчүлөрдү кабыл алууну жарыялайт!
Кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим минстрлигинин 2024-жылдын 3-июлундагы № 987/1 буйругунун негизинде 2025-жылдын 10-июлунан 10-октябрына чейин жүргүзүлөт. https://base.oshsu.kg/resurs/document/PDF-20240921140503-admin_nauk.pdf
Кабыл алынуучу адистиктерди ОшМУнун сайтында https://base.oshsu.kg/resurs/document/PDF-20250529054112-admin_nauk.pdf шилтемеси менен көрүүгө болот.
Кабыл алуу төмөндөгүдөй этапта жүргүзүлөт
· 10-июлдан 31-августка чейин тиешелүү профилдик кафедраларда диссертациялык иштин темасын жана илимий жетекчилерди (кеңешчилерди) тактоо боюнча аңгемелешүү жүргүзүлөт;
· 1-сентябрдан 30-сентябрга чейин изденүүчүккө документтер кабыл алынат;
· 1-октябрдан 10-октябрга чейин кабыл алуу боюнча конкурстук комиссия өткөрүлөт.
Изденүүчүлүккө талап кылынган документтердин тизмеси:
1. Ректордун атына жазылган арыз, арызга диссертациянын темасы, адистигинин шифри, илимий жетекчисинин/кеңешчисинин аты-жөнү жана окумуштуулук даражасы, наамы көрсөтүлөт. Арызга ректордун же илимий иштер боюнча проректордун визасы коюлат.
2. Диссертациянын багыты боюнча профили туура келген кафедранын кеңешмесинин протоколунун чечиминен көчүрмө (кафедра башчысынын жана катчысынын тастыкталган кол тамгалары менен).
3. Диссертациянын план-проспектиси жана иштөө этаптары (4 жыл).
4. Илимий жетекчисинин/кеңешчисинин макулдук каты (илимий жетекчисинин/кеңешчисинин кол тамгасы, мөөрү менен) жана маалыматтары (кандидаттык жана докторлук диссертацияларынын адистиктери, шифрлери, окумуштуулук даражасы, наамы, иштеген жери жана кызматы).
5. Жарыкка чыккан илимий эмгектердин, ойлоп табуулардын тастыкталган тизмеси.
6. Докторлук диссертация үчүн илимдин кандидатынын дипломдун көчүрмөсү.
7. Кандидаттык диссертация үчүн жогорку билими жөнүндөгү дипломдун көчүрмөсү.
8. Изденүүчүнүн паспортунун көчүрмөсү.
9. Резюме/кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча, 3х4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт.
Аспирантура жана докторантура бөлүмү, ОшМУнун № 15 окуу корпусу (Борбордук китепкана), 203-каана, тел.: 7-08-51; 0701 60 22 23











