ОшМУда социалдык билим берүү жана эл аралык интеграция маселелери талкууланды
05:23
22-05-2026
56
Эл аралык билим берүү программаларынын Жогорку мектебинин Европа жана Америка интеграция бөлүмүндө Балдарды коргоо күнүнө арналган «Социалдык билим берүү цифровизация доорунда эл аралык интеграциянын куралы катары» аттуу тегерек столду ОшМУнун Бизнес паркында ф.и.к, доцент Макамбаева Д.И., улук окутуучу, кыргыз-испан тил жана маданият борборунун директору Н.Т. Эргешовалардын демилгеси менен өткөрүлдү. Салтанатты ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, п.и.к., проф. Шарипова М.С. ачып, катышуучуларга ийгилик каалады. Ош шаардык Кенештин депутаты Тентимишова А.К. куттуктоо сөз сүйлөп, шаардык деңгээлде жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерди белгиледи.Иш-чарада социалдык билим берүүнүн көйгөйлөрү, санариптештирүү жана инклюзия маселелери талкууланып, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жолдору каралды. Катышуучулар арасында Ош шаардык Кенеши, КР Улуттук академиясынын Түштүк бөлүмү, Ош облустук психиатрия жана наркология борбору, Ош ИИБнын ККК, БАУнин Үзгүлтүксүз билим берүү борбору, Ош балдар үйү «Лотос», Кара-Суу дүлөй балдар жатак мектеби жана Профессордук-окутуучулук курам,психологдор,медицина адистери,илимий кызматкерлер,магистаранттар жана студенттер. Эл аралык өнөктөштөр да онлайн форматта катышып, Кадис университетинин профессору ОшМУ менен кызматташтыкты баса белгилеп, ректор Кожобеков Кудайберди Гапаралиевичке ыраазычылык билдирди, ал эми ГКБ «Вымпел» (Бишкек ш.) өкүлү өспүрүмдөр арасындагы кибер кылмыштуулукка токтолду. Студенттер арасында «Коомдогу инклюзия» аттуу сүрөт-плакат конкурсу өткөрүлүп, 1-орунду АПЛ-2-25, 2-орунду АПЛ-2-24, 3-орунду МБ-1-25 тайпалары ээледи. Иш-чаранын соңунда резолюция кабыл алынып, социалдык билим берүүнүн санариптик доордогу өнүгүүсү жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо боюнча сунуштар белгиленди.