Кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим минстрлигинин 2024-жылдын 3-июлундагы № 987/1 буйругунун негизинде 2026-жылдын 10-июлунан 10-октябрына чейин жүргүзүлөт. https://base.oshsu.kg/resurs/document/PDF-20240921140503-admin_nauk.pdf
Кабыл алынуучу адистиктерин ОшМУнун сайтындагы https://postgraduate.oshsu.kg/pages/page/18998
шилтемеси менен көрүүгө болот.
Аспирантурага кабыл алуу этаптары:
10-июлдан 31-августка чейин тиешелүү профилдик кафедраларда диссертациялык иштин темасын жана илимий жетекчилерди тактоо боюнча аңгемелешүү жүргүзүлөт;
1-сентябрдан 30-сентябрга чейин аспирантурага документтер кабыл алынат;
15-сентябрдан 30-сентябрга чейин тийиштүү кафедралар тарабынан кабыл алуу экзамендеринин программалары, экзамендик билеттер даярдалат жана экспертиза жүргүзүлөт;
1-октябрдан 10-октябрга чейин кабыл алуу экзамендери өткөрүлөт;
20-октябрдан 1-декабрга айына чейин чет өлкөлүк жарандар үчүн аспирантурага кабыл алуу иш-аракеттери жүргүзүлөт. Толук маалымат тиркемеде.











