News

ОшМУда Чынара Капарованын китебинин таанытымы өттү

Белгилүү журналист, диктор, филология илимдеринин кандидаты Чынар Капарованын «Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (1926-2026)» аттуу китебинин салтанаттуу таанытымы 20-майда ОшМУда болуп өттү. Жолугушуу Педагогика, искусство жана журналистика институтунун журналистика кафедрасы тарабынан уюштурулду. Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынан социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Кенжебек Абдылдаев, Ош мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүн башчысы Нурлан Закиров, шаардагы журналисттер, ОшМУнун коомчулук менен байланыш жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева, журналистика адистигинин окутуучулары, студенттер катышты.  Катышуучулар кыргыз журналистикасынын тарыхы, азыркы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашып, жаңы басылманын маанисин талкуулашты. Китепте Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын тарыхы баяндалат. Анда радио, телевидениенин калыптануу, өнүгүү этаптары, совет доорунан көз карандысыздыкка чейинки мезгил, ошондой эле корпорациянын мамлекеттик жана коомдук статусу чагылдырылган.
22 09:51 22-05-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|