2026-жылдын 5–22-май күндөрү Эл аралык медицина факультетинин «Табигый илимдер жана математика» кафедрасынын окутуучулары — Тешебаева У.Т., Молдобаева А.О. жана Марс кызы Таттыбубу — аль-Фараби атындагы КазУУнун «Өндүрүштө санариптик эгиздерди түзүү жана ишке киргизүү» аттуу Эл аралык жайкы мектебине катышышты.
72 сааттык онлайн-курстун алкагында катышуучулар OpenEgiz платформасын, санариптик эгиздер технологияларын жана өндүрүш процесстерин мониторинг жүргүзүү ыкмаларын өздөштүрүштү. Окуунун жыйынтыгында окутуучулар эл аралык сертификаттарга ээ болушту