Новости

Достук жана маданият көпүрөсү

22-май күнү Наманган мамлекеттик университетинен келген студенттер үчүн Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучулары Эргешова Гүлсара, Досумбетова Ызатгүл жана ФА-1-24 тайпасы менен биргеликте кызыктуу жана эсте каларлык маданий-спорттук иш-чара өткөрүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер кытай бийин аткарып, Kahoot интеллектуалдык таймашына катышышты. Ошондой эле аркан тартыш, кол күрөш, теннис тобу, кытай таякчалары менен оюн, көздү байлап шар жаруу, жиптен чыгуу жана кытай ажыдаары сыяктуу кызыктуу оюндар уюштурулуп, катышуучуларга көтөрүңкү маанай тартуулады. Англисче музыка табуу оюну да өзгөчө шаң кошуп, студенттер биргеликте ырдап, ынтымактуу атмосфера жаратышты. Иш-чаранын соңунда бардык катышуучулар биргелешип ыр ырдап, достукту жана маданий байланышты бекемдеген жагымдуу маанай менен жыйынтыкташты.
36 04:14 23-05-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|