«Кыргызстандын белгилүү кытай таануучулары» аттуу жаңы өмүр баяндык басылманын бет ачары өттү.
05:24
23-05-2026
42
22-май күнү Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусунда «Кытай таануучулар конгресси» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган «Кыргызстандын белгилүү кытай таануучулары» аттуу өмүр баяндык басылманын расмий бет ачар аземи болуп өттү.
Иш-чарага ата мекендик кытай таануу илиминин өнүгүшүнө, дипломатияны чыңдоого жана кыргыз-кытай мамилелерин бекемдөөгө зор салым кошкон белгилүү окумуштуулар, эксперттер жана ардактуу коноктор катышты. Бул маанилүү иш-чарага факультеттин "Кытай таануу" багытынын программа жетекчиси Т.Абдыкаарова чакырылып, факультеттеги жетишкендиктер жана келечектеги пландары тууралуу баяндама жасады.
Иш-чаранын алкагында жаңы өмүр баяндык басылманын расмий бет ачары болуп, китептин түзүүчүлөрүнүн жана белгилүү илимпоздордун кызыктуу чыгуулары жана
улуттук кытай таануу илимин өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо жүргүзүлдү.
Иш чаранын жыйынтыгында Кыргызстандын кытай таануучулары чогулуп тынымсыз кызматташууну колго алып, аткарыла турган иштерди талкуулап туруу пландаштырылды.
Бул басылма өлкөбүздүн илим тарыхында өзгөчө орун алып, жаш изилдөөчүлөр жана кыргыз-кытай мамилелерине кызыккан адистер үчүн баалуу булак болуп калат.